Токтогул ГЭСинин модернизациясы 94%га бүткөрүлдү

Токтогул ГЭСинин модернизациясы 94%га бүткөрүлдү

Токтогул ГЭСин модернизациялоо жана реабилитациялоо иштери 94%га бүткөрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда станциянын акыркы гидроагрегатын жаңылоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Аны ушул жылдын ноябрь айында ишке киргизүү пландалууда. Жалпысынан долбоор үч этап менен ишке ашырылып жатат.

Биринчиси – гидромеханикалык жабдууларды жаңылоо. Экинчиси – гидроагрегаттарды толугу менен алмаштыруу, ал эми үчүнчүсү – плотинанын абалын көзөмөлдөөчү заманбап мониторинг системасын орнотуу. Мындан сырткары, өрт коопсуздугу, жарыктандыруу жана дренаж системалары жаңыртылууда.

Министрликтин маалыматына караганда, бул иштердин жыйынтыгында Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу азыркы 1200 МВттан 1440 МВтка чейин жогорулап, өндуруштүк мүмкунчүлүгү кеңейет. Станция энергетикалык коопсуздукту камсыздоодогу негизги объект катары ишин улантат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Бишкек - Кант жолунда жарыктандыруу системасы ишке кирди

Бактияр Алиев Социалдык фонддун ишин журналисттерге тааныштырды

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады

"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты