Ош облусунда 78 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулду

Ош облусунда 78 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулду

Энергетика министрлигинин 2025-жылдагы планына ылайык, Ош электр тармактарында жалпы 100 850 даана акылдуу эсептегич орнотулат. Бүгүнкү күнгө чейин 78 475 даанасы орнотулуп, калган 22 375 даанасы жыл аягына чейин орнотулат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаарында 100% эсептегичтер орнотулуп бүттү. Ал эми облустардагы бөлүштүрүү төмөндөгүдөй:

Араван РЭТине 27 766 даана берилген, анын ичинен 9511 даанасы жыл аягына чейин орнотулат.
Кара-Суу РЭТине 18 390 даана берилген, 3481 даанасы калды.
Өзгөн РЭТине 29 586 даана берилген, 7001 даанасы орнотулат.
Ноокат РЭТине 1 657 даана орнотулду. Толук орнотуу 2026-жылга пландалган.

Акылдуу эсептегичтердин артыкчылыктары:

  • Электрди туруктуу жана сапаттуу берүү;
  • Реалдуу убакытта маалымат алуу;
  • Коррупциялык тобокелчиликти азайтуу;
  • Төлөм болгон соң автоматтык кошулуу;
  • Тышкы кийлигишүү болгон учурда эскертүү берүү.

Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо 105, 1209, +996 772 001209, +996 702 001209, +996 556 001209 (WhatsApp) номерлерине байланышыңыз.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media