Евробиримдик “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга 1 млрд доллар бөлөт

Евробиримдик “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга 1 млрд доллар бөлөт

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бельгиянын Брюссель шаарында өткөн “Global Gateway” форумуна катышты. Форумда Ибраев Казакстандын, Өзбекстандын энергетика министрлери жана Евробиримдиктин өкүлдөрү менен «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу маселесин талкуулады.

Министрликтин маалыматына ылайык, Европа биримдиги Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстанга жалпы 2,4 млрд доллар бөлөрүн, анын ичинен Кыргызстанга 1 млрд доллар каралганын билдирди.

Бул максатта эки меморандумга кол коюлду. Биринчиси, КРнын Энергетика министрлиги менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ. Анда долбоорду 500 млн долларга чейин каржылоо макулдашылды. Ага министр Таалайбек Ибраев менен Европа инвестициялык банкынын башкы директору Эндрю Мак Довелл кол койду.

Экинчи меморандум – Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуу. Мында дагы 500 млн долларга чейин каржылоо макулдашылды. Министр Ибраев менен банктын регионалдык директору Хусейн Озхан кол койду. Жолугушууга ЕРӨБдун президенти Одиль Рено-Бассо катышты.

“Global Gateway” — Европа биримдиги уюштурган форум, анда жогорку даражалуу өкүлдөр, бизнес жана каржы уюмдары катышат. Эл аралык экономикалык кызматташууну өнүктүрүү жана ири инфраструктуралык долбоорлорду колдоо максатын көздөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда каза болгон 14 аскер кызматкерин каза болгондон кийин мамлекеттик сыйлык менен сыйлады. Аларга Бауыржан Момышулы атындагы "Айбын" орденинин II даражасы ыйгарылды. Мындан тышкары, окуядан аман калган үч аскер кызматкери да мамлекеттик сыйлыкка татыды. Эске салсак, каргашалуу окуя 24-

Ишкер Media
Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Министрликтерде жана мекемелерде коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КРнын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 100гө жакын айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер ортомчулар менен алдын ала сүйлөшүп алып,

Ишкер Media
Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

26-сентябрда Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Спортсмендерди “Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана

Ишкер Media
Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media