Жети-Өгүздө электр тармагын модернизациялоо иштери жүрүүдө

Жети-Өгүздө электр тармагын модернизациялоо иштери жүрүүдө

Жыл башынан тарта Жети-Өгүз районунда электр тармагын жаңылоо жана кызмат сапатын жакшыртуу боюнча "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ири иштерди аткарууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен маалымдашты.

Жети-Өгүз  району боюнча 2025-жылдын башынан бери төмөнкү иштер ишке ашырылды:

  • 242 даана трансформатор жана 387 чакырым аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өттү;
  • 34 трансформатор жана 39 чакырым зым капиталдык оңдоодон өттү;
  • 4,5 чакырым алюминий зымдар СИП зымдарга алмаштырылды, октябрдын аягына чейин дагы 5,5 чакырымга СИП зымдары тартылат;
  • 335 жыгач мамы темир-бетон мамыларга алмаштырылды;
  • 130 чакырым трасса боюндагы бутактарды кыюу жана бактарды тазалоо иштери аткарылды;
  • 3 жаңы көмөк чордондун экөөсү орнотулду, бири октябрда ишке берилет;
  • 4 көмөк чордондо кубаттуулук жогорулатылды;
  • 18 000 акылдуу эсептегичтин 9000и орнотулду, жыл аягына чейин толук орнотулаары пландалууда.

Жети-Өгүз РЭТи учурда 23 497 абонентке кызмат көрсөтүп, 1 407,5 чакырым зым жана 622 трансформаторду тейлейт.

Техникалык иштер учурунда кээ бир аймактарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлүшү мүмкүн.

Толук маалымат алуу үчүн Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын расмий сайтына жана «Мой свет» мобилдик тиркемесине кайрылыңыздар.
 Суроолор боюнча төмөнкү байланыш номерлери күнү-түнү жеткиликтүү:
 105, 1209, 0772 001 209, 0702 001 209, 0556 001 209.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда каза болгон 14 аскер кызматкерин каза болгондон кийин мамлекеттик сыйлык менен сыйлады. Аларга Бауыржан Момышулы атындагы "Айбын" орденинин II даражасы ыйгарылды. Мындан тышкары, окуядан аман калган үч аскер кызматкери да мамлекеттик сыйлыкка татыды. Эске салсак, каргашалуу окуя 24-

Ишкер Media
Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Министрликтерде жана мекемелерде коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КРнын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 100гө жакын айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер ортомчулар менен алдын ала сүйлөшүп алып,

Ишкер Media
Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

26-сентябрда Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Спортсмендерди “Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана

Ишкер Media
Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media