Акыркы эки жылда жалпы кубаттуулугу 90 мегаваттан ашык 13 жаңы ГЭС курулган

Акыркы эки жылда жалпы кубаттуулугу 90 мегаваттан ашык 13 жаңы ГЭС курулган

Президент Садыр Жапаров өткөн апта аягында   электр энергиясы маселеси тууралуу калкка кайрылуу жасап, акыркы 3 жылда курулган жана келечекте курула турган ГЭСтер тууралуу кенен маалымат берди.  

“Биз 3 жылдан бери массалык түрдө ГЭСтерди, күндөн жана шамалдан энергия алчу станцияларды куруп жатабыз. Бирок ошого карабастан, кышкысын энергия жетишпейт. Себеби жыл сайын жүздөгөн завод-фабрикалар, миңдеген мектеп, бала-бакчалар, миллиондогон квадрат метр үйлөр курулуп, алар да көптөгөн энергия талап кылып жатат”,- дейт президент. 

Буга улай өлкө башчы буга чейин ишкер киргизилген ГЭСтерди санап өттү. 

2024-жылы ишке киргизилген ГЭСтер:

  • Бала-Саруу ГЭСи – 25 МВт (Талас облусу);
  • Ысык-Ата-1 ГЭСи – 2 МВт (Чүй облусу);
  •  Көк-Арт ГЭСи – 6,7 МВт (Жалал-Абад облусу);
  •  Кайнама ГЭСи – 9,6 МВт (Жалал-Абад облусу);
  •  Исфайрам-1 ГЭСи – 2 МВт (Баткен облусу);
  •  Курак-Тектир-1 ГЭСи – 0,6 МВт (Ош облусу);
  •  Арашан ГЭСи – 2,4 МВт (Ысык-Көл облусу);
  •  Белес ГЭСи – 0,54 МВт (Баткен облусу)

  • Жалпы кубаттуулук 48,84 МВт болду.

2025-жылы ишке берилген ГЭСтер:

  • Койсуу ГЭСи – 9 МВт (Ысык-Көл облусу);
  •  Ысык-Ата-2 ГЭСи – 4 МВт (Чүй облусу);
  •  Аксы ГЭСи – 4,75 МВт (Жалал-Абад облусу);
  •  Боз-Учук ГЭСи – 5,54 МВт (Ысык-Көл облусу);
  •  Кара-Көл ГЭСи – 18 МВт (Жалал-Абад облусу)
    Жалпы кубаттуулук 41,29 МВт.

“Мындан тышкары, мурдагы ири ГЭСтерде жаңылануу иштери жүргүзүлүп, кошумча кубаттуулук кошулду. Токтогул ГЭСинин 4 агрегатынын баары жаңыртылып, 240 МВт кошулду. Бул 240 МВттык жаңы ГЭС курган менен барабар. Үч-Коргон ГЭСинде реконструкциянын алкагында 9 МВт кошулду, ал эми толук бүткөндө 36 МВт кошумча кубат берилет. Камбар-Ата-2 ГЭСинде 120 МВттык экинчи агрегатты ишке киргизүү долбоору иштөөдө. Ат-Башы ГЭСи жаңыланып 11,44 МВт кошулду. Лебединовка ГЭСинде реконструкция жүрүүдө. Ошондой эле Папан ГЭСи, Ылдыйкы Тар ГЭСи жана Быстровка ГЭСи боюнча даярдык жана долбоордук иштер уланып жатат”,-деген өз сөзүндө С.Жапаров.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда каза болгон 14 аскер кызматкерин каза болгондон кийин мамлекеттик сыйлык менен сыйлады. Аларга Бауыржан Момышулы атындагы "Айбын" орденинин II даражасы ыйгарылды. Мындан тышкары, окуядан аман калган үч аскер кызматкери да мамлекеттик сыйлыкка татыды. Эске салсак, каргашалуу окуя 24-

Ишкер Media
Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Министрликтерде жана мекемелерде коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КРнын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 100гө жакын айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер ортомчулар менен алдын ала сүйлөшүп алып,

Ишкер Media
Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

26-сентябрда Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Спортсмендерди “Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана

Ишкер Media
Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media