Бала-Саруу ГЭСи быйыл 76 млн кВт/саат иштеп чыкты

Бала-Саруу ГЭСи быйыл 76 млн кВт/саат иштеп чыкты

“Чакан ГЭС” ААКсынын директорунун биринчи орун басары Таалайбек Мамбеталиев радио эфирде Бала-Саруу ГЭСинин иши боюнча айтып берди. 

Аталган станция 2024-жылы ишке кирген. ГЭСте 10 мегаваттык эки жана 5 мегаваттык бир агрегат иштейт. ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт. 

“Станция Манас районунун Киров суу сактагычында жайгашкан. Электр энергиясы суу сактагычтан келген суунун эсебинен иштелип чыгат”,-дейт Мамбеталиев. 

Маалыматка ылайык, Бала-Саруу ГЭСи 2024-жылы 29 млн киловатт-сааттан көп, а 2025-жылдын башынан тарта 76 млн киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыккан. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Бишкек - Кант жолунда жарыктандыруу системасы ишке кирди

Бактияр Алиев Социалдык фонддун ишин журналисттерге тааныштырды

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады

"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты