Токтогул ГЭСинин төртүнчү, Үч-Коргон ГЭСинин үчүнчү гидроагрегаты реконструкцияланды

Токтогул ГЭСинин төртүнчү, Үч-Коргон ГЭСинин үчүнчү гидроагрегаты реконструкцияланды

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында гидроэнергетикалык объектилерди модернизациялоонун жүрүшү менен таанышканын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик билдиргендей, Токтогул ГЭСнин төртүнчү гидроагрегатын реконструкциялоо иштери толук аягына чыгып, ГЭСтин кубаттуулугу 1200 мегаваттан 1440 мегаваттка чейин көбөйгөн.
Ошондой эле Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегаты жаңыланып, ага дагы 9 мегаватткубаттуулук кошулду. Буга чейин 2024-жылы биринчи гидроагрегат толугу менен алмашылган. 2026-жылы калган эки гидроагрегатты реконструкциядан өткөрүлсө ГЭСтин жалпы кубаттуулугуна 36 мегаватт кошулат.

Аталган станциялардын гидроагрегаттарын тестирлөө жумуштары аяктаган соң алар толугу менен ишке киргизилет.

Бул сапарында энергетика министри жакында ишке киргизилген, жалпы кубаттуулугу 18 МВт болгон Кара-Көл ГЭСин да жеринде көрүп чыкты. ГЭС учурда штатттык режимде иштеп жатат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Бишкек - Кант жолунда жарыктандыруу системасы ишке кирди

Бактияр Алиев Социалдык фонддун ишин журналисттерге тааныштырды

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады

"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты