Ысык-Көл электр тармагы күз-кыш мезгилине толук даярдык көрдү

Ысык-Көл электр тармагы күз-кыш мезгилине толук даярдык көрдү

Ысык-Көл электр тармагы 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине бардык даярдык иштерин аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Даярдыкта энергетикалык объектилерде, электр берүү чубалгылары жана көмөк чордондордо пландык оңдоо жана техникалык тейлөө жүргүзүлдү. Негизги максат — аймактын тургундарын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу.

Негизги иштер:

  • 61 подстанцияда 4863 жабдууга тейлөө жүргүзүлдү, 436сына оңдоо жасалды.
  • 100,7 чакырым чубалгылар оңдолуп, 1422,6 чакырым аба чубалгылары тейленди, 6837 эски изолятор алмаштырылды.
  • 10/0,4 кВдагы 1222 көмөк чордон жана 1687 чакырым чубалгылар тейленди; 757 жыгач мамылар темир-бетонго алмаштырылды.
  • Трансформатор цехи 105 трансформаторду оңдоп, 26,2 тонна май тазалады.

Бул иштер күз-кыш мезгилинде электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү үчүн жүргүзүлдү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Бишкек - Кант жолунда жарыктандыруу системасы ишке кирди

Бактияр Алиев Социалдык фонддун ишин журналисттерге тааныштырды

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады

"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты