Ат-Башыда электр тармактарынын жаңы имараты ачылды

Ат-Башыда электр тармактарынын жаңы имараты ачылды

14-ноябрда, энергетика министри Таалайбек Ибраев Нарын облусунда иш сапар менен болуп, бир катар объектилердин абалы менен таанышып, айрымдарынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында министр Ат-Башы райондук электр тармактарынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземине катышты. Өткөн жылы министрликтин тапшырмасы менен курулушу башталган имарат алты ай ичинде толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

360 м² аянттагы эки кабаттуу имарат 70 кызматкерге ылайыкташтырылып, заманбап шарттар менен жабдылды. Долбоордун наркы 25 млн 326 миң сомду түзүп, каржылоо “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтарабынан жүргүзүлдү. Курулуш иштерин “Стрим Групп” ЖЧК аткарды. Мындан сырткары, долбоордо 273 м²кошумча гараж жана чарбалык имарат да каралган.

Министр Ибраев өз сөзүндө жаңы объект аймактагы энергетикалык кызмат көрсөтүүнү жакшыртып, кызматкерлердин иш шартын өстүрөөрүн белгиледи.

“Энергетика тармагындагы реформалардын натыйжасы катары бүгүн Ат-Башыда заманбап имарат ачылып жатат. Бул – калкты сапаттуу тейлөөгө жана кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө чоң салым. Биздин негизги милдет — калкты кыш мезгилинде үзгүлтүксүз энергия менен камсыз кылуу”, — деди министр.

Иш сапар учурунда министр ошондой эле жакында пайдаланууга берилген Нарын райондук электр тармагынын имаратына да барып, кызматкерлерге түзүлгөн шарттар жана облус боюнча электр керектөө боюнча ыкчам маалыматтар менен таанышты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

26-сентябрда Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Спортсмендерди “Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана

Ишкер Media
Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Жээнбек Кулубаев Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу мамилени өнүктүрүү жана саясий диалогду үзгүлтүксүз улантуу маанилүү экенин белгилешти. Кыргыз тарап тышкы саясат мекемелери ортосунда биринчи саясий консультацияларды өткөрүүнү жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнү

Ишкер Media
Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарын шаарында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" демилге жана долбоорлор сынагын тааныштыруу жыйыны өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Мамбетова, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Кадыр Кошалиев, район акимчиликтеринин, мэриянын, мекеме-уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media