Энергетика министрлиги: Энергияны үнөмдөө жөнөкөй кадамдардан башталат

Энергетика министрлиги: Энергияны үнөмдөө жөнөкөй кадамдардан башталат

Энергетика министрлиги калкты электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырган кезектеги кайрылуусун жарыялады.

Электр энергия — өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги булагы. Бүгүн аны канчалык туура пайдалансак, эртеңки күндүн туруктуулугу ошондон көз каранды. Өчүрүлгөн ар бир лампа, үнөмдүү колдонулган ар бир шайман — бул майда кадам эмес, өлкөнүн энергосистемасын ишенимдүү кармоого кошулган чыныгы салым, деп айтылат министрликтин маалыматында.

Электрди үнөмдөө үй-бүлөлүк бюджетти коргойт, системадагы жүктү азайтат жана Кыргызстандын энергетикасынын туруктуулугун бекемдейт. Энергияны сарамжалдуу пайдалануу жөнөкөй аракеттерден башталат — дал ушул аракеттер жоопкерчиликтүү жана күчтүү келечекти түзөт, деп белгиленет маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

“Кыргызкөмүр” быйыл 1 млн 209 миң тонна көмүр өндүрдү

“Кыргызкөмүр” быйыл 1 млн 209 миң тонна көмүр өндүрдү

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы жергиликтүү кеңештер менен биргеликте жалпы 138 социалдык көмүр кампа ачканын “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Рустамбек Садыралиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. "Бишкектеги социалдык кампаларда Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 5 миң 800 сом. Ал эми ар бир облуста, аймакта өзүнчө баалар коюлган. Быйыл, 2025-жылдын

Россия 877 тонна витаминделген унду Кыргызстандын түштүк регионуна жардам катары берди

Россия 877 тонна витаминделген унду Кыргызстандын түштүк регионуна жардам катары берди

Россиянын Оштогу башкы консулу Роман Свистин жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ВПП) Кыргызстандагы директорунун орун басары Сурайя Хан өлкө тургундары үчүн гуманитардык жардамдын кезектеги партиясын тапшыруу аземине катышканы РФнын Бишкектеги элчилиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 877 тонна витамининделген буудай унун Россия БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында жөнөткөн. 2025-жылы Кыргызстандын түштүк аймактарына

Банк жана финансы уюмдары үчүн жашыл каржылоо боюнча тренинг өттү

Банк жана финансы уюмдары үчүн жашыл каржылоо боюнча тренинг өттү

Бишкекте банк жана финансы уюмдары үчүн жашыл жана туруктуу каржылоону илгерилетүү, ESG-критейрилерин (экологиялык, социалдык жана башкаруу) өнүктүрүү жана банктарды жашыл каржы продуктылары менен иштөөгө даярдоого багытталган тренинг болуп өттү. Бул иш-чараны КРнын Экономика жана коммерция министрлиги Глобалдык жашыл өсүү институту (GGGI) жана Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) менен биргеликте

Евробиримдик: Кыргызстандын эки банкы санкциялар тизмесинен чыгарылышы мүмкүн

Евробиримдик: Кыргызстандын эки банкы санкциялар тизмесинен чыгарылышы мүмкүн

Ушул жылдын октябрь айында Евробиримдик Россияга каршы 19-санкциялар пакетин бекитип, ал Кыргызстандагы "Толубай" жана "Евразийский сберегательный банк" банктарына да тиешелүү болгон. Ошондой эле тизмеге "Олд Вектор" жана "Гринекс" ЖЧКлары киргизилген. Эл аралык кызматташтык боюнча ЕБнин комиссары Йозеф Сикела бул банктар жана компаниялар