Жыргалаңда жаңы көмөк чордондору жана кабелдик линиялар ишке киргизилди

Жыргалаңда жаңы көмөк чордондору жана кабелдик линиялар ишке киргизилди

Жыргалаң өрөөнүндө 35/10 кВ “Үч Чоку” жаңы көмөк чордонунун курулушу аяктап, 12,8 км жаңы кабелдик чубалгылар тартылып, 4 даана 10 кВ көмөк чордону орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

“Ала-Тоо резорт” мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутов энергетиктердин Жыргалаң аймагында аткарган иштерин белгилеп, аларга ыраазычылыгын билдирди. Ал аймактын татаал жана оор шарттарында, тоолуу рельефте жана карлуу-шамалдуу аба ырайында энергетиктер көрсөткөн кесипкөйлүккө жана чыдамкайлыкка басым жасады.

Максутов аткарылган жумуштардын аймактын келечегине салган маанилүү салым экенин белгилеп, алдыда дагы жаңы милдеттер бар экенин жана энергетиктер аларды да жоопкерчилик менен аткараарына ишенээрин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Өзгөндө 109, 5 млн сомго жаңы мектеп курулду

Өзгөндө 109, 5 млн сомго жаңы мектеп курулду

Өзгөн районунун Кара-Тарык айылындагы 150 орундуу Т.Жоробеков атындагы мектептин курулушу аяктады. Долбоор мамлекеттик бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 109,5 миллион сомду түздү. Курулуш иштери 2024-жылдын декабрь айында башталган. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, башкы планга ылайык, жаңы мектептин жалпы аянты 1282 чарчы метрди түзүп,

Кыргызстан менен Беларусь өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Беларусь өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты күчөтөт

Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргыз-Беларусь биргелешкен кичи комиссиясынын экинчи жыйыны өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга Кыргызстандан экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов, ал эми беларус тараптан өнөр жай министринин орун басары Леонид Рыжковский төрагалык кылышты. Жолугушуунун негизги максаты эки өлкөнүн өнөр жай потенциалын бириктирүү, жаңы биргелешкен долбоорлорду

Тогонун өкмөт башчысы Кыргызстандын бажы системасынын реформалары менен таанышты

Тогонун өкмөт башчысы Кыргызстандын бажы системасынын реформалары менен таанышты

Бүгүн Тоголез Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе КРнын Мамлекеттик бажы кызматына расмий иш сапар менен келди. Анын алкагында Того делегациясына Кыргызстандын бажы тармагындагы реформалары жана жетишкендиктери тааныштырылды. Коноктордун көңүлү өзгөчө санариптештирүү багытына бурулуп, делегацияга негизги процесстерди автоматташтырган заманбап маалыматтык системалар, “Бирдиктүү терезе” механизми жана мекемелер аралык электрондук байланыш

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 2,6 млн сомдук товар аныкталды

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 2,6 млн сомдук товар аныкталды

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери АКШдан товарларды алып келүүдөгү мыйзам бузууну аныкташты.“Манас” аэропорту аркылуу бир компаниянын дарегине келип түшкөн жүк «Темир жол бекетинде» текшерүүгө алынган. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы мааалымат таратты. Маалыматка ылайык, документ боюнча товарлар колдонулган кийим-кече, ноутбуктар жана тетиктер катары көрсөтүлгөн. Бирок текшерүү учурунда техниканын