Кыргызстан менен Түркия жашыл энергетика тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Түркия жашыл энергетика тармагында кызматташат

9-декабрда КРнын энергетика министри Таалайбек Ибраев Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түркиянын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар менен жолугушту. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун алкагында эки тараптуу энергетика кызматташтыгы, ири долбоорлорду ишке ашыруу жана бир катар актуалдуу маселелер талкууланды. Алардын катарында:

  • Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ортосунда ишке ашырылуучу “Борбордук Азия-Азербайжан жашыл энергетика коридору (Каспий)” долбоору;
  • Кыргызстанда “Технологиялар жана жашыл демилгелер боюнча аймактык борборду түзүү” демилгеси;
  • Кубаттуулугу 1305 МВт, жылдык өндүрүшү 3317 млн кВт/саатты түзгөн Казарман ГЭС каскады жана Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскадынын долбоорлору.
Министр Таалайбек Ибраев Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактары – гидроэнергетика, күн, шамал жана биоресурстар боюнча зор потенциалга ээ экенин белгиледи. Ошондой эле кыргыз көмүрүнүн жогорку сапаты тууралуу айтып, Түркия менен көмүр тармагында кызматташууга сунушун берди. Түркиялык тарап бул маселе боюнча логистика жагынан пайдалуу болсо кызматташууга даяр экенин билдирди.

Жыйынтыгында тараптар бири-бирине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташтыкты тереңдетүүгө макулдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Жээнбек Кулубаев Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу мамилени өнүктүрүү жана саясий диалогду үзгүлтүксүз улантуу маанилүү экенин белгилешти. Кыргыз тарап тышкы саясат мекемелери ортосунда биринчи саясий консультацияларды өткөрүүнү жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнү

Ишкер Media
Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарын шаарында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" демилге жана долбоорлор сынагын тааныштыруу жыйыны өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Мамбетова, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Кадыр Кошалиев, район акимчиликтеринин, мэриянын, мекеме-уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Габондун Тышкы иштер министри Мари-Эдит Тассила-Е-Думбене менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, саясий диалог, соода-экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүү, эл аралык уюмдардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдары

Ишкер Media