Баткенде жаңы конуштар электр менен толук камсыз болду

Баткенде жаңы конуштар электр менен толук камсыз болду

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев облус калкын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу багытында аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайы, акыркы жылдары Баткенде эскирген электр тармактары жаңыртылып, жаңы көмөк чордондор курулду, акылдуу эсептегичтер орнотулуп, көчөлөр толугу менен жарыктандырылды.

Чек арадан көчүрүлгөн тургундар жашаган Жаңы-Достук, Раззаов жана Максат айылдары кыска мөөнөттө электр менен камсыз болду. Ошондой эле Баткен шаарындагы “Жаңы-Достук” айылы, Асман-1, Асман-2 ипотекалык үйлөр, “Баткен Сити” конушу, 10 миң көрүүчүгө ылайыкташкан жаңы стадион жана Бужум айылы жаңы 110/35/10 кВ “Суу-Башы” көмөк чордону аркылуу электр энергиясына туруктуу кошулду.

Абдирашит Ташбалтаев белгилегендей, курулган чакан ГЭСтер жана энергетика тармагындагы пландалып жаткан долбоорлор облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасир берип, калкты жана мекеме-ишканаларды сапаттуу электр менен камсыздоодо маанилүү ролду ойнойт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады

"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты

Депутаттар илимий-изилдөө институттарынын иши менен таанышты

Эмгек министри "Келечек" реабилитациялык борборунун иши менен таанышты

Кыргызстанда 15 МВттык калкып туруучу күн электр станциясы курулат