Быйыл электр энергиясын колдонуу өндүрүүдөн 1 млрд кВт/саатка көп болгон

Быйыл электр энергиясын колдонуу өндүрүүдөн 1 млрд кВт/саатка көп болгон

"Экономиканын ылдамдап жатышы электр энергиясын колдонуу динамикасында көрүнүп жатат: биз өндүрүштү жетиштүү деңгээлде көбөйтө албай жатабыз", — деди бүгүн, 23-декабрда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев "Биринчи радио" эфиринде.

Анын айтымында, быйыл электр энергиясын колдонуу өндүрүштөн 1 млрд кВт/саатка ашып кеткен — бул экономикалык активдүүлүктүн өсүшүн көрсөтөт.

"Экинчи жагдай — бюджеттин структурасы. Мурда аны "социалдык бюджет" деп аталса, азыр "өнүгүү бюджети" түзүлдү. Эгер чыгымдардын бөлүштүрүлүшүнө карасак, болжол менен 23% социалдык маселелерге жумшалса, реалдуу секторду өнүктүрүүгө каралган чыгымдардын үлүшү 35%га жетти. Бул экономиканын реалдуу секторуна көбүрөөк көңүл бурулуп жатканын билдирет", — деди ал.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Депутаттар илимий-изилдөө институттарынын иши менен таанышты

Эмгек министри "Келечек" реабилитациялык борборунун иши менен таанышты

Кыргызстанда 15 МВттык калкып туруучу күн электр станциясы курулат

Спорттук гимнастика боюнча эл аралык мелдеште Сайкал Мамашарипова эки медаль жеңип алды

Беш өлкөнүн өкүлдөрү Кыргызстандын ири курулуш долбоорлору менен таанышты