Бишкекте 2025-жылы 87 километр алюминий электр линиялары алмаштырылган

Бишкекте 2025-жылы 87 километр алюминий электр линиялары алмаштырылган

Бишкек электр тармактар ишканасы (БЭТИ) 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча борбор калаадагы 11 турак жай массивинде эскирген алюминий зымдарынын 87 чакырымдан ашыгын заманбап өзүн көтөргөн изоляцияланган зымдарга (СИП-2) алмаштырды.

Инфраструктураны жаңылоо иштери электр энергиясы менен камсыздоо тутумунун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган Энергетика министрлигинин реформасынын алкагында жүргүзүлдү. Жаңы электр линиялары "Тынчтык", "Арча-Бешик", "Ак-Ордо", "Жогорку Орок", "Жеңиш", "Балбан-Таймаш", "Достук", "Пригородное", "Мраморное", "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" жаңы конуштарында орнотулду.

Ишкананын маалыматына ылайык, ачык алюминий зымдарды СИП-2 изоляцияланган зымдарына алмаштыруу бир нече маанилүү стратегиялык маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет. Атап айтканда, авариялардын саны азаят: жаңы зымдар муз каптоо, кардын жабышуусу жана катуу шамал шарттарына туруктуу болуп, аба ырайы начарлаганда зымдардын тийишип кетишинен улам кыска туташуулардын алдын алат.

Мындан тышкары, СИП-2 зымдарын колдонуу коопсуздукту жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатат. Бул технология электр энергиясынын техникалык жоготууларын кыскартууга, ошондой эле айрым оңдоо иштерин керектөөчүлөрдү өчүрбөстөн, чыңалуу астында жүргүзүүгө шарт түзөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Депутаттар илимий-изилдөө институттарынын иши менен таанышты

Эмгек министри "Келечек" реабилитациялык борборунун иши менен таанышты

Кыргызстанда 15 МВттык калкып туруучу күн электр станциясы курулат

Спорттук гимнастика боюнча эл аралык мелдеште Сайкал Мамашарипова эки медаль жеңип алды

Беш өлкөнүн өкүлдөрү Кыргызстандын ири курулуш долбоорлору менен таанышты