Япония "Кыргызстан электр тармактарынын" окуу борборун жаңыртууга 1,5 млрд доллар бөлөт
Президент Садыр Жапаров "Кыргызстанда электр тармактарын пайдалануу жана тейлөө боюнча окуу борборунун потенциалын чыңдоо" долбоору боюнча ратификациялоо мыйзамына кол койду.
Кыргызстандын министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы гранттык макулдашуу жөнүндө болуп жатат.
Долбоордун негизги максаттары:
- "Кыргызстан улуттук электр тармагы" (КУЭТ) ААКтын окуу борборунун материалдык-техникалык базасын заманбап деңгээлге жеткирүү;
- Электр энергетика тармагындагы адистерди даярдоо жана кайра даярдоо тутумун жакшыртуу;
- Өлкөнүн электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жана туруктуу иштешин камсыз кылуу.


Гранттык макулдашуунун алкагында Япония тарап 1 млрд 535 млн япон иенасын бөлүп берет. Бул каражат окуу борборун модернизациялоого жана тийиштүү жабдуулар менен камсыздоого багытталат.
Кол коюлган мыйзам аталган эл аралык келишимдердин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарууну көздөйт.