Кыргыз-кытай электр тармагындагы кызматташтыгы талкууланды
26-ноябрда Кытайдын Циндао шаарында электр энергетикасы боюнча кыргыз-кытай жумушчу тобунун "өкмөт — ишканалар" форматындагы биринчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлады.
Отурум энергетика министри Алтынбек Рысбековдун жана Кытайдын Энергетика боюнча мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси Ван Хунчжинин тең төрагалыгы алдында болду.
Билдирүүгө караганда, жыйындын алкагында 2026-жылдын 23-сентябрында кол коюлган электр энергетикасы тармагында кызматташуу жөнүндө ведомстволор аралык макулдашуунун нускаларын алмашуу боюнча расмий азем өткөрүлдү.
Тараптар эки өлкөнүн энергетикалык системаларын бириктирүү, Кытайдан Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо үчүн трансчек аралык электр берүү линиясын куруу жана чек ара аймагындагы индустриалдык паркты электр энергиясы менен камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Министр Энергетика министрлиги тарабынан тиешелүү энергетикалык инфраструктураны курууну каржылоо маселелерин иштеп чыгуу дээрлик аяктаганын маалымдап, объектти 2027-жылдын декабрь айында өнөр жайлык пайдаланууга берүү каралган долбоорду этап-этабы менен ишке ашыруунун графигин сунуштады.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн электр энергетикасы тармагынын өнүгүшү боюнча маалымат алмашып, долбоорду ишке ашыруунун техникалык жана уюштуруучулук маселелерин, ошондой эле мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда Алтынбек Рысбеков Ван Хунчжини Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө жана биргелешкен жумушчу топтун экинчи жыйынын Бишкек шаарында өткөрүүгө чакырды.