Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы Болгариядагы өкүлүн дайындады

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы Болгариядагы өкүлүн дайындады

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Болгариядагы өкүлү болуп Адилет Камчыбеков дайындалды. Ага расмий күбөлүктү Палатанын президенти Темир Сариев тапшырды. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Адилет Камчыбеков палатанын Болгариядагы экинчи өкүлү болуп саналат. Ал София, Варна, Бургас жана Пловдив шаарларында жана аймактарында иш алып барат.
Өкүлдүн негизги милдеттери — кыргызстандык жана болгариялык ишкерлердин ортосунда түз байланыштарды түзүү, ата мекендик продукцияны Болгариянын рыногуна чыгарууга көмөктөшүү, инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу.

Соода-өнөр жай палатасы Болгарияны Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы маанилүү экономикалык көпүрөлөрдүн бири катары карайт.

Палата чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн тармагын кеңейтүү аркылуу кыргызстандык ишкерлер үчүн жаңы рынокторду ачууга жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган иштерди улантууда.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Индиянын ишкердик байланыштарын кеңейтүү талкууланды

Беш жылда Кыргызстанда 50гө жакын чакан жана орто ГЭС пайдаланууга берилди

Кыргызстан Түрк инвестициялык фонду менен кызматташтыкты кеңейтет

2027-жылы ЕАЭБ органдарына Кыргызстан төрагалык кылат

Өлкөдө балдарга багытталган бюджеттик чыгымдар өзүнчө белгиленет