Кыргызстан менен Шри-Ланка өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүнү көздөйт

Кыргызстан менен Шри-Ланка өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүнү көздөйт

26-ноябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Фред Сеневиратне менен жолугушту.

Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.
Өзгөчө өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, экспорттолуучу продукциянын түрлөрүн кеңейтүү, ишкердик байланыштарды өнүктүрүү жана өндүрүштүк кооперация маселелерине көңүл бурулду.

Ошондой эле текстиль жана тигүү өнөр жайы, туризм, маалыматтык технологиялар жана зергерчилик өндүрүшү тармактарындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу экономикалык байланыштарды мындан ары чыңдоого жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргыз ишкерлери Өзбекстанды таң калдырууда

Кыргызстан менен Индиянын ишкердик байланыштарын кеңейтүү талкууланды

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы Болгариядагы өкүлүн дайындады

Беш жылда Кыргызстанда 50гө жакын чакан жана орто ГЭС пайдаланууга берилди

Кыргызстан Түрк инвестициялык фонду менен кызматташтыкты кеңейтет