Кыргызстан менен Индиянын ишкердик байланыштарын кеңейтүү талкууланды
Кыргызстандын соода-өнөр жай палатасынын Индиядагы өкүлү Бектурган Калыбек уулу Индиянын Керала штатындагы Кочи шаарында өткөн эл аралык санариптик трансформация жана инвестиция саммитине катышты. Бул тууралуу палатанын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чара 24–25-ноябрда Kerala Global Digital Transformation & Investment Summit 2026 аталышында өтүп, ага ар кайсы өлкөлөрдүн мамлекеттик мекемелеринин, дипломатиялык корпустун жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү, инвесторлор жана эксперттер чогулду.
Саммиттин негизги темалары санариптик трансформация, инновациялар, инвестиция тартуу жана эл аралык кызматташтык болду.
Бектурган Калыбек уулу иш-чаранын алкагында Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы ишкердик байланыштарды кеңейтүүнүн жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн конкреттүү долбоорлорго айландыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Соода-өнөр жай палатасы чет өлкөлөрдөгү өкүлдөрү аркылуу Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде таанытуу, ата мекендик ишкерлерге жаңы өнөктөштөрдү табуу жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү иштерин улантууда.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу