Беш жылда Кыргызстанда 50гө жакын чакан жана орто ГЭС пайдаланууга берилди
Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кытайдын Циндао шаарында өткөн "Бир алкак – бир жол" энергетика өнөктөштүгүнүн Жетектөөчү кеңешинин биринчи жыйынында баяндама жасады. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.
Өз сөзүндө министр өлкөнүн экономикасы жогорку темп менен өнүгүп жатканын белгиледи.
Министрдин айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун (ИДП) өсүшү 11,1 пайызды түзүп, Борбор Азиядагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болгон.
Экономиканын динамикалуу өнүгүшүнүн шартында өлкөнүн энергетикалык потенциалын чыңдоо өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеген министр гидроэнергетика тармагындагы жетишкендиктер жана ишке ашырылып жаткан негизги долбоорлор тууралуу маалымат берди.
Акыркы беш жылда Кыргызстанда 50гө жакын чакан жана орто ГЭС пайдаланууга берилип, дагы 50гө жакын объекттин курулушу жүрүп жатат. Ошондой эле Токтогул ГЭСинин төрт гидроагрегатын толук модернизациялоо иштери аяктаганы белгиленди.
Натыйжада станциянын орнотулган кубаттуулугу 240 МВтка көбөйдү.
Мындан тышкары, кубаттуулугу 1 860 МВт болгон Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу стратегиялык долбоорунун ишке ашырылышына өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйындын жүрүшүндө Жетектөөчү кеңештин мүчөлөрү Өнөктөштүктүн ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктаган документтерди карашты.
Алардын катарында жашыл энергетикага өтүү, электр тармактарынын инфраструктурасын модернизациялоо, тармакты санариптештирүү жана жасалма интеллект технологияларын киргизүү маселелери бар.