Төө-Ашуудагы туннелдин жабуу сааттары аныкталды

Төө-Ашуудагы туннелдин жабуу сааттары аныкталды

Төө-Ашуудагы туннелдин жолун жаңылоо иштерине байланыштуу 12-июлдан тарта унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги эскертти.

Маалыматка ылайык, эртең мененки саат 05:00дон 08:00го чейин, 10:00дон 12:00го чейин, 14:00дон 16:00го чейин жол жабык болот.

Аталган аймакта жол коопсуздугун ЖКККББнын инспекторлору көзөмөлдөйт. Мындай чектөөлөр 18-июлга чейин киргизилет.

Бул күндөрү туннелдин эски асфальтын сыйрып, жаңы асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлөт.

Белгилей кетсек, азыркы тапта туннелдин электр чубалгылары толук алмаштырылып, прожекторлору орнотулду. Ошондой эле, актоо, сырдоо процесси аяктап, туннелдин бетон плиталарын алмаштыруу жумуштары жыйынтыкталды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нарында өнөр жай паркы түзүлөт

Бишкектеги паркка 85 түп эмен көчөтү отургузулду

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду

Кантта 5 жылда үч ири ишкана ачылган