XIX жайкы Азия оюндарынын алтын медалдын ээлерине 1.2 млн сомдук сертификаттар тапшырылды

XIX жайкы Азия оюндарынын алтын медалдын ээлерине 1.2 млн сомдук сертификаттар тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Кытайда өткөрүлгөн XIX жайкы Азия оюндарына катышкан КРнын спортчуларын куттуктады. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Такталгандай, алтын медалдын ээлерине 1 млн 250 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Күмүш медаль алгандарга 750 миң сомдук, коло медаль алгандарга 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Жапаров балбандар жаракат алып калганына карабастан, бекем эркти, майтарылбас, кажыбас кайратты көрсөтүп, кыргыз куржунун алтын, күмүш, коло медалдары менен толтурганын белгиледи. 

Акылбек Жапаров андан ары спорттук эксперттер белгилегендей Азия оюндарында кыргыз спортчулары сапатка иштешкенин кошумчалады. 

“Сиздер 4 алтын, 2 күмүш жана 9 коло медалды жеңдиңиздер.45 өлкөнүн арасында 18-орунду ээледик. Бул Кыргызстандын ар бир жараны үчүн чоң кубаныч жана зор сыймыктануу” – деди ал.  

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Кореянын өнүктүрүү фондун түзүү демилгеси көтөрүлдү

Кыргызстан менен Кореянын өнүктүрүү фондун түзүү демилгеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын вице-спикери, Корея–Кыргызстан депутаттык достук тобунун жетекчиси Пак Док Хым баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда тараптар кыргыз-корей кызматташтыгын өнүктүрүү, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо жана соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Марлен

Бишкекке 100 миң түп бак отургузуу пландалууда

Бишкекке 100 миң түп бак отургузуу пландалууда

Бишкекте Экологиялык кеңештин жыйынынын жыйынтыгында борбор калаага 100 миң түп көчөт отургузуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 10-июлда шаар мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн коомдук угууларга Экологиялык кеңештин мүчөлөрү, экологиялык уюмдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Иш-

Транспорт тармагынан 6 айда бюджетке 614 млн сомдон ашык каражат түштү

Транспорт тармагынан 6 айда бюджетке 614 млн сомдон ашык каражат түштү

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы алты айында транспорт тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдөн мамлекеттик бюджетке 614 миллион сомдон ашык каражат түшүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17%га көбөйдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бюджетке түшкөн каражат былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик 91 миллион сомго көп болгон. Алты ай ичинде транспорттук

Бишкектеги курулуштагы өрттөн кийин компанияга 200 миң сом айып салынды

Бишкектеги курулуштагы өрттөн кийин компанияга 200 миң сом айып салынды

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу турак жайдын курулушунда чыккан өрттөн кийин курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя күн мурун саат 10:30 чамасында Фучик көчөсү, 38 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу турак жайдын курулуш аянтчасында болгон. Алдын