Бишкектин коомдук транспортунда накталай эмес төлөм боюнча рейд уланууда

Бишкектин коомдук транспортунда накталай эмес төлөм боюнча рейд уланууда

Бишкектин коомдук транспорттор накталай эмес төлөмгө өткөрүлгөн, бирок накталай төлөм жүргүзгөн айдоочулар аныкталууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Буга байланыштуу “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасы ыктыярчылар менен биргеликте коомдук транспорттордо айдоочуларды көзөмөлдөө жана шаар тургундарына накталай эмес төлөм боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Күн сайын “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте 60 ыктыярчы каттамга чыгууда.

Эске сала кетсек накталай эмес төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен төлөөгө болот.

Үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);

• Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;

• виртуалдуу NFC картасы;

• Тулпар жана Balance, Mbank, Megapay ж.б тиркемелер менен QR сканерлөө;

• Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти