УчкайКЕП: Кыргызстанда бир жумада орун алган маанилүү окуялар
Өтүп бара жаткан жумада өлкөнүн саясий жана экономикалык турмушунда бир топ окуялар орун алды. Алардын негизгилеринен учкай кеп салабыз.

Өлкөдө жөлөк пул алгандарга жеңилдик берүү сунушталууда
- Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясы үчүн жеңилдетилген тарифтин ордуна акчалай компенсация берүү сунушталууда.
Документте 2027-жылдын 1-январынан тартып 16 жашка чейинки балдары бар жана "Үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясы үчүн жеңилдетилген тариф берүүнүн ордуна акчалай компенсация төлөө каралган.
Компенсациянын өлчөмү кандай болот?
- жай мезгилинде (1-апрелден 1-октябрга чейин) — айына 588 сом;
- кыш мезгилинде (1-октябрдан 1-апрелге чейин) — айына 798 сом.

"Сулайман-Тоодо" реконструкциялоо иштери башталды
- Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" музей-комплексинде реконструкциянын биринчи этабы башталды.
23-ноябрдан тартып Сулайман-Тоо жана Үңкүр музейлери убактылуу жабылат. Ал эми башкы имараттагы экспозиция залы ишин улантат.
Асыл тукум мал чарбасын колдоого 3% менен кошумча 271 млн сом бөлүндү
- Кыргызстанда асыл тукум мал сатып алууга фермерлерге жыл аягына чейин 3 пайыздык үстөк менен кошумча 271 млн сом жеңилдетилген насыя берилет.
Каражатты "АБанк" жана "Элдик Банк" аркылуу алууга болот.

Микрокредит алуучулардын саны 3 эсеге өстү
- Өлкөдө январь-сентябрь айларында микрокредиттик уюмдар 76 млрд сомдон ашык насыя берди.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, микрокредит алгандардын саны 2 миллиондон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу үч эсеге көбөйдү.

Күйүүчү майды субсидиялоонун мөөнөтүн узартуу сунушталууда
- Өкмөт АИ-92 бензинин, дизель майын жана автогазды субсидиялоону 2027-жылдын 31-мартына чейин узартууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Долбоордо ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн күйүүчү май ташыгандарга бажы төлөмдөрүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү да каралган. Өкмөт ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен үчүнчү өлкөлөрдүн импорттук шарттарын теңдөөнү план кылууда.

Айдоочулук экзамендерди өткөрүү үчүн аймактарга 63 жаңы автоунаа берилди
- Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн практикалык экзамендерди өткөрүүгө 63 жаңы унаа тапшырылды.
Маалыматка караганда, C1E категориясы үчүн 18 чиркегич, C категориясы үчүн 17 ISUZU, C1 категориясы үчүн 16 ISUZU жана D категориясы үчүн 12 JAC SUNRAY үлгүсүндөгү унаа берилди.
Буга чейин мамлекеттик автомектептерге 70 автоунаа берилген. Ошентип, ноябрь айында айдоочуларды даярдоо жана экзамен алуу үчүн жалпысынан 133 жаңы транспорт каражаты бөлүндү.

Туризм тармагындагы ишкерлерге 3,5-7% менен жеңилдетилген насыя берилет
- Кыргызстанда туризм тармагында иш алып барган ишкерлерге жылдык 3,5 %дан 7 %га чейинки үстөк менен жеңилдетилген насыя берүү пландалууда.
Анын айтымында, учурда банктар тарабынан сунушталып жаткан 12-20 %дык насыялар туризм тармагындагы ири долбоорлорду ишке ашырууга тоскоолдук жаратууда. Ошондуктан ишкерлерге жеңилдетилген шарттагы каржылоо механизмин киргизүү боюнча долбоор даярдалып жатат.
Алгачкы этапта бул максатка 500 млн сомго чейин каражат бөлүү каралып жатат.

Өлкөдө мейманканаларга жана конок үйлөрүнө улуттук классификация берилүүдө
- Кыргызстанда мейманканаларга жылдыз, тоолуу конок үйлөрүнө эдельвейс, ал эми боз үй жана чатыр лагерлерине түндүк белгилерин ыйгаруу системасы ишке кирди.
Объектилердин сапаты менен тейлөө деңгээлин атайын эксперттик топ баалайт.