Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт

Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт

Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөрүн Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Маалымдалгандай, жарманкелер бүгүн башталып, июнь айына чейин уланат. Анда ар аптанын ишемби жана жекшемби күндөрү Усубалиев атындагы аянтта жана Жал кичи районунда өтүп турат.

Министрлик жарманкелер шаар тургундарын социалдык маанилүү азык-түлүк продукциялары менен жеткиликтүү баада камсыз кылууну, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана фермерлердин продукциясын ортомчуларсыз түз сатууну көздөрүн белгиледи. Эт, жашылча-жемиш жана башка азык-түлүктөр сатылат.

  • Уй эти — 770 сом;
  • Жылкы эти — 770 сом;
  • Кой эти — 770–800 сом;
  • Тоок эти — 350–400 сом;
  • Алма — 35–100 сом;
  • Пияз — 35–40 сом;
  • Сабиз — 30–40 сом;
  • Жумуртка — 10–15 сом.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өкмөт түз инвестицияларды жылына кеминде 20%га көбөйтүүнү пландоодо

Өкмөт күйүүчү май боюнча жыйын өткөрдү

МИК "Ынтымак" турак жайынын батирлерин арзан сунуштады

Кийинки жылдагы ажылыктын наркы 5800 доллар болуп бекитилди

Петровкадагы кара түтүн үчүн "Асман Кирпич" ишканасы айыпка жыгылды