Өкмөт күйүүчү май боюнча жыйын өткөрдү

Өкмөт күйүүчү май боюнча жыйын өткөрдү

Кечээ күнү министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногундагы күйүүчү-майлоочу материалдарга байланышкан маселелер боюнча кезектеги жыйын өткөрдү. 

Өкмөттүн маалыматы кызматы билдиргендей, отурумдун күн тартибине кирген маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилеринин баяндамалары угулган. 

Маалыматта “Джунда” ЖЧКнын, “Кыргызнефтегаз” ААКнын кампаларында жана учурда ташуу процессинде тургандарды кошо алганда бензиндин жана  дизел отунунун кору жыл аягына чейин жетиштүү экени белгиленет.

Адылбек Касымалиев отурумдун жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга ортодогу айырманы субсидиялоо ишин улантууну жана бул тармактагы мамлекеттик колдоо көрсөтүү жол-жобосун кайрадан карап чыгуу, ички рынокту бензин менен үзгүлтүксүз камсыздоо, өлкөдөгү мунайды кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоо маселелери жана экспорт-импортко байланыштуу иштер боюнча бир катар тапшырмаларды берген. 

Мамлекет жылына болжол менен 1,400 миллиондон 1,850 миллион тоннага чейин мунай продуктуларын (бензин, дизель жана суюлтулган газ) керектейт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

МИК "Ынтымак" турак жайынын батирлерин арзан сунуштады

Кийинки жылдагы ажылыктын наркы 5800 доллар болуп бекитилди

Петровкадагы кара түтүн үчүн "Асман Кирпич" ишканасы айыпка жыгылды

Бишкекте 33 миң чарчы метрден ашык муниципалдык жер бошотулду

Кыргызстан менен Кытайдын энергетикалык системалары 2028-жылга чейин бириктирилиши мүмкүн