Камчы Көлбаевдин асыл тукум жылкылары алынды – баасы 500 миң доллардан ашык

Камчы Көлбаевдин асыл тукум жылкылары алынды – баасы 500 миң доллардан ашык

Маркум Камчы Көлбаевдин 500 миң АКШ долларынан ашык баалуу асыл тукум жылкы түрүндөгү кошумча мүлкү аныкталып, алынды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча төмөнкү жылкылар алынды: “Баш кашка” англис породасы – баасы 150 миң доллары, “Командор” англис породасы – баасы 100 миң доллары, “Раушан” англис породасы – 100 миң доллары, “Дончак” донской англис породасы – 100 миң доллары, “Кундуз” таза кандуу англис – 50 миң доллары, “Байтал” таза кандуу англис – 50 миң доллары, “Острый” – 15 миң доллары, ошондой эле Р.Акматбаевдин туугандарынын сарайынан К.Асанбек тарабынан алынган аты жок асыл тукум бээ – баасы 5 миң доллар.

Учурда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо иштери уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

“Клиникалык оорукана” мамлекеттик мекемесинин 80 жылдык мааракеси белгиленди

“Клиникалык оорукана” мамлекеттик мекемесинин 80 жылдык мааракеси белгиленди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев «Клиникалык оорукана» мамлекеттик мекемесинин 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Жамаатты жана мекеменин ардагерлерин ушул маанилүү датасы менен куттуктап жатып, ал оорукананын улуттук саламаттык сактоо системасынын калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымын белгилеп өттү. “Ондогон жылдыктар бою Клиникалык оорукана өлкөбүздүн

Ишкер Media
БА мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчылары жолугушту

БА мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчылары жолугушту

Президент Садыр Жапаров БА мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында мамлекет башчыларын тосуп алуу аземине катышты. Бүгүн Түркмөнбашы шаарында, Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун тосуп алуу аземи болуп өттү. Билдирүүгө караганда, жыйынга ошондой

Ишкер Media
Бишкекте №53 каттамды жаңы Yutong автобустары тейлей баштайт

Бишкекте №53 каттамды жаңы Yutong автобустары тейлей баштайт

Бүгүнтөн баштап, Бишкек шаарындагы №53 автобустун каттамын 12 жаңы Yutong үлгүсүндөгү автобус тейлей баштайт. Бул каттам “Чоң-Арык айылы (Семетей көчөсү) — айланма каттам” багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташыйт. Бишкек шаардык мэриянын маалыматына ылайык, айланма жана жарым айланма каттамдарды өнүктүрүү Бишкек шаарынын каттамдык тармагын оптималдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ишке ашырылууда.

Ишкер Media
Картошканын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Картошканын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Ысык-Көл облусунда жана Бишкектин ири базарларында картошканын бааларына мониторинг жүргүздү. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, мониторингдин жыйынтыгы боюнча, Ысык-Көл облусунда картошканын чекене баасы килограммына - 30–40 сом экени белгилүү болгон. Ал эми Бишкек шаарында картошка төмөнкүдөй бааланууда: * “Аламүдүн” базары

Ишкер Media