Караколдо көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү

Караколдо көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү

2023-жылдын 28-ноябрында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Караколдо жумушчу сапардын алкагында көмүр бааларына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Мониторингде Ысык-Көл облусу боюнча бөлүмдүн адистери, Салык кызматынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү болушту.

Каракол шаарындагы көмүр саткан жайда көмүрдүн баасы тууралуу маалыматтын жоктугу аныкталып, түшүндүрүү иштеринен соң көмүрдүн баалары илинди.

Андан ары мониторинг шаардагы пассажирдик автобазанын ичиндеги көмүр сатылуучу жайда уланып, ал жерде да көмүрдүн баасы илинбеген фактылар аныкталды. Жыйынтыгында жазма эскертүүлөр берилди.

Read more

РКӨФ жана «Альянс Алтын» биргеликте Таластагы долбоорлорду каржылайт

РКӨФ жана «Альянс Алтын» биргеликте Таластагы долбоорлорду каржылайт

Россия-Кыргыз өнүгүү фонду «Альянс Алтын» компаниясы жана ушул эле аталыштагы өнүктүрүү фонду үч тараптуу кызматташуу келишимин түзүштү. Келишим энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана башка негизги багыттарда биргелешип иштөөгө багытталган. Бул кызматташтыктын алкагында РКӨФ жана «Альянс Алтын» өнүгүү фонду Талас облусунда тиешелүү долбоорлорду тандап, экспертизадан өткөрүп,

Шылуундарды  кантип таануу боюнча Улуттук банктын кеңештери

Шылуундарды кантип таануу боюнча Улуттук банктын кеңештери

Акыркы убакта Кыргызстанда банк тармагында алдамчылык фактылары көп катталууда. Кыргызстандыктар социалдык тармактарда, телефон аркылуу же мессенджер аркылуу алданууда. Алдамчылыктын курмандыктары акчасы уурдалгандан кийин гана билишет. Улуттук банктын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү Economist.kgге каржы тармагындагы алдамчылыктын түрлөрү тууралуу айтып берди, бул жарандардын сергек болушуна жардам берет. Банк тармагында алдамчылыктын кандай

Экологиялык диалог: «Альянс Алтын» эко долбоорлорду колдоону улантат

Экологиялык диалог: «Альянс Алтын» эко долбоорлорду колдоону улантат

Талас облусунда экологияга өзгөчө көңүл бурулат. Талас шаарында 2024-жылдын 19-апрелинде «Альянс Алтын» компаниясы «Экологиялык диалог: келечекке көз караш» аттуу тегерек стол өткөрдү. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Алсак, тегерек столго Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн өкүлдөрү, экологдор, окумуштуулар, студенттер, суу чарба, өзгөчө кырдаалдар, мамлекеттик жана өкмөттүк уюмдардын адистери,

Ишенимдүүлүктүн жана коопсуздуктун жогорку даражасы –кыргыз сомунун аброю жөнүндө

Ишенимдүүлүктүн жана коопсуздуктун жогорку даражасы –кыргыз сомунун аброю жөнүндө

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгында жүгүртүүдөгү акчанын жалпы көлөмү 201.8 млрд сомдон ашты. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу сумма 24.6 млрд сомго же 14.6%га өскөн. Мындай акча массасын жүгүртүү үчүн жасалма акча жасоочулардан жакшы коргоо керек. Кыргызстандын улуттук валютасы сом бардык заманбап стандарттарга жооп берет. Улуттук