Бишкектин Мурас-Ордо конушунда бала бакчанын курулушу башталды

Бишкектин Мурас-Ордо конушунда бала бакчанын курулушу башталды

Бишкектин мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Мурас-Ордо конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулушун баштады. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Мектепке чейинки мекеме бир кабаттуу. Имараттын жалпы аянты – 2700 чарчы метр. Ал эми жердин аянты – 1.6 га.

Имаратта, кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле музыка-гимнастикалык зал каралган.

Учурда котлованды казуу жана тосмолорун орнотуу иштери жүрүп жатат.

Мектепке чейинки мекемени куруу үчүн «Ак-Бата» АТАК подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын аэропорттору былтыр 6 млн ашуун жүргүнчүнү тейледи

Кыргызстандын аэропорттору былтыр 6 млн ашуун жүргүнчүнү тейледи

Кыргызстанда жарандык авиация өлкөнүн транспорттук жана социалдык инфраструктурасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Жыл сайын 7- октябрда Жарандык авиация күнү белгиленет. Бүгүн Улуттук статистика комитети аталган тармактын майрамын утурлай, алардын ишин цифралар менен чагылдырып берди. Билдирүүгө карата бүгүнкү күндө “Кыргызстандын аэропорттору” ААКсынын курамында 11 аэропорт бар. Анын ичинен 6сы эл аралык,

Ишкер Media
18 миллион сомдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүү аракетти бөгөттөлдү

18 миллион сомдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүү аракетти бөгөттөлдү

Өлкөгө уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлуп, алынган товардын баасы 18 миллион сомдой экенин Бишкек ШИИББден кабарлашты. Маалыматка ылайык, чет мамлекеттик каттоо белгилери бар Toyota Land Cruiser унаасы токтотулуп, андагы түйүнчөктөр менен кутулар текшерилген.  Билдирүүгө караганда, унаадан жалпы 358 даана уюлдук телефон, анын ичинен 249 даана iPhone, 109

Ишкер Media
“Колумдан баары келет, мүмкүнчүлүгүм да бар, бирок...” - таластык ишкердин Президентке жеткире албай жүргөн арманы

“Колумдан баары келет, мүмкүнчүлүгүм да бар, бирок...” - таластык ишкердин Президентке жеткире албай жүргөн арманы

Талас районунун Манас айылынын тургуну, 56 жаштагы ишкер Марс Ботиков өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн мал чарбачылыгына, дыйканчылыкка жана ишкерликке арнаган. Беш баланын атасы өз күчү менен фермердик чарбасын түптөп, асыл тукум малды көбөйтүп, сүт өндүрүшүн жолго коюп, келечекте сүттү кайра иштетүүчү завод ачууну пландап келет. Бирок анын айтымында, бул пландарын ишке

Ишкер Media
Ошто окуучулар үчүн акысыз автобустар ишке кирди

Ошто окуучулар үчүн акысыз автобустар ишке кирди

Ош шаарында мектептен алыс жашаган окуучулар үчүн алгачкы атайын балдар автобустары каттамга чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Бүгүн шаар мэри Жанарбек Акаев окуучулар менен бирге автобуста жүрүп, анын шарттары менен таанышты. Мэрдин айтымында, автобуска 28 окуучу батат. Азырынча тестирлөө үчүн 2 автобус иштеп жатат. Жакынкы айларда дагы

Ишкер Media