«Каракол» эл аралык аэропортунун курулушу 80%га аяктады

«Каракол» эл аралык аэропортунун курулушу 80%га аяктады

«МАМ» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов «Ысык-Көл» жана «Каракол» эл аралык аэропортторунун абалы жана курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, Караколдун жаңы аэропортунун курулушу графикке ылайык жүрүп, аяктоо алдында турат, иштер 80%га бүткөрүлгөн. Аба ырайы жакшырса, учуп-конуу тилкесинде курулуш иштери кайра жанданат, учурда ал убактылуу токтотулган.

«Каракол» эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин 3 750 метрге чейин кеңейтүү заманбап авиацияда кеңири колдонулган Airbus A320, Airbus A321, Boeing 737 сыяктуу учактарды кабыл алууну камсыз кылуу максатын көздөйт. 

Курулуш иштери аяктагандан кийин Каракол аэропорту саатына 200-250 жүргүнчүнү тейлей алат. Деңиз деңгээлинен 1 704 метр бийиктикте жайгашкан аэропорттун учуу тилкеси заманбап стандарттарга жооп берет.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстандан келген жыгач материалдары Кыргызстанга киргизилген жок

Казакстандан келген жыгач материалдары Кыргызстанга киргизилген жок

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй–Бишкек аймактык башкармалыгы Казакстандан Кыргызстанга ташылып келген 34 куб метр пиломатериалды артка кайтарды. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда жүктү өлкө аймагына алып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулгандыгы аныкталган. Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жүргүзүү тартиби жөнүндөгү жобого ылайык, жүк жөнөтүүчү тарапка

Быйыл Сокулукта 58,8 км жол асфальтталат

Быйыл Сокулукта 58,8 км жол асфальтталат

2026-жылдын планына ылайык, Сокулук районунда жалпы узундугу 58,8 чакырым жолду асфальттоо каралган. Учурда аталган райондо бир катар маанилүү жол тилкелеринде курулуш жана оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Манас – Камышановка унаа жолунун 10 чакырымын жасоо каралган, бүгүнкү күнгө карата анын 3

Ноокат–Папан жолунун 5 чакырым тилкесине асфальт төшөлдү

Ноокат–Папан жолунун 5 чакырым тилкесине асфальт төшөлдү

Мамлекеттик маанидеги Ноокат–Папан унаа жолунун 5 чакырым бөлүгүндө асфальт-бетон төшөө иштери аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, иштер 2026-жылга бекитилген планга ылайык жүргүзүлүп, жолду жаңылоо иштерин №37 Жол эксплуатациялоо ишканасы аткарды. Жаңыланган жол тилкеси айдоочулар жана жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүгө шарт түзөт. Министрлик

Бишкекте №54 мектептин жанындагы сейил бак жаңыланууда

Бишкекте №54 мектептин жанындагы сейил бак жаңыланууда

Бишкек шаарындагы №54 орто мектебинин жанында жайгашкан сейил бакты көрктөндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы аянты 1,3 гектарды түзгөн аймак жаңыланып, шаар тургундары үчүн заманбап жана ыңгайлуу эс алуу жайы түзүлөт. Долбоордо эс алуу зоналары, балдар жана воркаут аянтчалары, амфитеатр, жөө жана велосипед жолдору,