Депутат Кундузбек Сулайманов Таш-Көмүрдөгү «Кристалл» заводуна барды

Депутат Кундузбек Сулайманов Таш-Көмүрдөгү «Кристалл» заводуна барды

Депутат Кундузбек Сулайманов Таш-Көмүрдөгү «Кристалл» заводуна барды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Таш-Көмүрдө жайгашкан кремний өндүрүүчү "Кристалл" заводу 1991-жылы курулуп, мамлекеттик акционердик коому статусуна ээ болгон. Долбоордун жалпы кубаттуулугу жылына - 660 тонна кремний жана 16 миң тонна трихлорсилан өндүрүү пландоо болгон.

«Бүгүнкү күндө «Кристалл» заводунун кампасында 80 тоннадай трихлорсилан уулуу заты сакталып турган атайын идиштер жараксыз болуп, акырындап иштен чыгып жатканына күбө болдум. Ошондуктан тез арада трихлорсилан уулуу затын утилдештирүү маселесин талкууладык»,- деди Кундузбек Сулайманов.

Депутат бул маселени Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүп, аны чечүү жагдайы өз көзөмөлүндө болорун белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бир жумада 25 миңден ашуун жол эреже бузуу аныкталды

Бир жумада 25 миңден ашуун жол эреже бузуу аныкталды

25-сентябрдан 1-октябрга чейин өлкө аймагында алдын ала маалымат боюнча 25 591 жол эреже бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Анын ичинен: • документсиз айдоо - 4 592; • мас абалында айдоо - 355; • айнекти мыйзамсыз караңгылатуу - 191; • жөө жүргүнчүлөр тарабынан эреже бузуу - 1 325; • транспортту

Ишкер Media
Улуттук банк 4 жаранга жана 1 насыя союзуна айып салды

Улуттук банк 4 жаранга жана 1 насыя союзуна айып салды

28-сентябрдан 2-октябрга чейинки жумада мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан чаралар көрүлдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, мыйзам бузган 4 жарандын ар бирине 17 500 сомдон айып пул салынды. Ал эми бир насыя союзуна 55 000 сом айып салынды. Ошондой эле эки алмашуу бюросунун лицензиясы

Ишкер Media
Кыргызстандын футболчулары жолдоштук беттеште Ливандын курама командасын утуп алды

Кыргызстандын футболчулары жолдоштук беттеште Ливандын курама командасын утуп алды

Кыргызстандын футболчулары Бишкекте, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн жолдоштук беттеште Ливандын курама командасын утуп алды. Кыргызстан футбол союзунан жолдоштук беттештер курама команданын Азия Кубогу -2027ге даярдык этабынын финалдык стадиясы болуп калганын билдирди. 1-таймда Одилжон Абдурахманов жана Алимардон Шүкүров атаандаш команданын дарбазасына 2 топ киргизишти. 2-таймда ливандыктар гол киргизүүгө

Ишкер Media
Маданият министрлиги "Кыргызстан үчүн 100 идея" жаштар сынагын жарыялады

Маданият министрлиги "Кыргызстан үчүн 100 идея" жаштар сынагын жарыялады

Маданият министрлиги "Кыргызстан үчүн 100 идея" республикалык сынагы башталганын жарыялады. Ага 14 жаштан тартып 35 жашка чейинки өлкөнүн өнүгүшү үчүң инновациялык долбоорлорду сунуштаган жаштар катыша алышат. Сынак 8 номинацияда өтүлөт: * "Илим жана изилдөө" * "IT-сферасы жана креативдүү индустрия" * "Медицина" * Курчаган чөйрөнү коргоо&

Ишкер Media