Чүйдө таштандыны мыйзамсыз төккөн ишканага айып салынды
Чүй облусунда таштандыларды белгиленбеген жерге жайгаштырган жеке ишкана айыпка жыгылды. Мыйзам бузуу Кыргыз илим-изилдөө институтунун кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн текшерүүдө аныкталган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору институтка коңшу жайгашкан коммерциялык уюмду текшеришкен. Анын жүрүшүндө ишкананын таштандыларды атайын белгиленбеген жерге төккөнү тастыкталган.
Факт боюнча укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, жооптуу тарапка 23 миң сом административдик айып салынган. Ошондой эле мыйзам бузууну жоюу боюнча милдеттендирме берилип, аны аткарууга үч күн мөөнөт белгиленген.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу