Мыйзамсыз токтомдорду чыгарган бажы кызматкери айыпка жыгылды

Мыйзамсыз токтомдорду чыгарган бажы кызматкери  айыпка жыгылды

Бажы органынын кызматкери укук бузуу фактысы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын жүргүзгөн текшерүүсүнүн натыйжасында Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан «А» ишкердик субъектисине карата бажы декларациясын берүү мөөнөтүн бузгандыгы үчүн ар бир учур боюнча 5 000 сом айып салуу тууралуу 19 токтом чыгарылганы аныкталды. Бирок токтомдор жаза чарасын колдонуу мөөнөтү өткөндөн кийин чыгарылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Башкы прокуратура Мамлекеттик бажы кызматкерине карата укук бузуу боюнча өндүрүш ишин козгоп, соттун чечими менен ал 10 000 сом өлчөмүндө айыпка тартылып, мыйзамсыз чыгарылган 19 токтом жокко чыгарылды.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто тез жардам борборунун жаңы имараты курула баштады

Ошто тез жардам борборунун жаңы имараты курула баштады

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жана Ош шаарынын мэри Жанар Акаев 94 жыл мурда курулган тез жардам борборунун имаратындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Курулуш министрлиги билдиргендей, жаңы тез жардам борбору бардык заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу имарат болот. Анда медициналык кызматкерлер үчүн ыңгайлуу

Ишкерлерди колдоого багытталган жаңы кадамдар талкууланды

Ишкерлерди колдоого багытталган жаңы кадамдар талкууланды

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланова Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү, бизнеске мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралды. Тараптар чакан жана орто ишкерликти

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн: