Караколдо уруксатсыз курулган дүкөндүн ээсине 200 миң сом айып салынды

Караколдо уруксатсыз курулган дүкөндүн ээсине 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан Каракол шаарындагы курулуш объектилери көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Иш-чаранын алкагында Каракол шаарынын Жусаев көчөсү 174 дарегинде кеңейтилип жаткан “Оптовые цены” дүкөнүнүн кошумча курулушуна шаар куруу корутундусу иштелип чыкпагандыгы аныкталды. Ошондой эле долбоор Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан макулдашылбагандыгы белгилүү болду.

Натыйжада, дүкөндүн ээси административдик жоопкерчиликке тартылып, 200 000 сом айып пул салынды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда быйыл помидордун түшүмү гектарынан 120 тоннадан айланды

Кыргызстанда быйыл помидордун түшүмү гектарынан 120 тоннадан айланды

Быйыл жашылча-жемиштерден помидор, калемпир жана картошканын, дан өсүмдүктөрүнөн жүгөрүнүн түшүмү былтыркы жылга салыштырмалуу жогору болгонун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирген.   “Чүй өрөөнүндө помидордун түшүмү гектарына 120 тоннадан айланып, дүйнөлүк рекордго чыккан.

Кыргызстанда 58 Rest Point ачылат

Кыргызстанда 58 Rest Point ачылат

Кыргызстанда Rest Point долбоорунун алкагында туристтик маршруттарда 58 заманбап санитардык пункт тургузуларын “Биринчи радио” эфиринде Туризмди өнүктүрүү фондунун өкүлү Дамир Жумаканов билдирди.  Анын айтымында, ыңгайлуу санитардык шарт – туристтик инфраструктуранын негизги элементи. Бул жылы Кыргызстанда 10 Rest Point ачылган, бирок, популрдуу локациялардын көбүндө мурдагыдай эле заманбап туалеттердин жоктугу чет өлкөлүк коноктордун

Эттин бааларын турукташтыруу боюнча онлайн кеңешме өттү

Эттин бааларын турукташтыруу боюнча онлайн кеңешме өттү

Бүгүн, 17-ноябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Министрдин биринчи орун басары Ж.К. Керималиевдин катышуусунда онлайн форматтагы кеңешме өткөрүлдү. Министрликтин маалыматына ылайык, кеңешмеге Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, шаардык мэриялар, жергиликтүү администрациялар жана базар жетекчилери катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө азык-түлүк коопсуздугу, социалдык маанидеги товарлардын, анын ичинде

Экономика министрлиги тигүү тармагын өнүктүрүүнү талкуулады

Экономика министрлиги тигүү тармагын өнүктүрүүнү талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде кыргыз тигүү продукциясынын Россия Федерациясынын рыногу аркылуу жеткиликтүүлүгүн жана тармакты колдоо чараларын талкуулаган ведомстволор аралык жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда Россиянын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан көзөмөлдүн күчөтүлүшү натыйжасында келип чыккан актуалдуу маселелер каралды. Ошондой эле, ички рынокту жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү