Коомдук тамактануу жайларындагы тейлөө эрежелери өзгөрдү

Коомдук тамактануу жайларындагы тейлөө эрежелери өзгөрдү

Министрлер Кабинетинин токтому менен коомдук тамактануу жайларынын ишин жөнгө салууга өзгөртүүлөр киргизилди, алар 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин эсепке өзүнчө сап менен көрсөтүлүп жүргөн милдеттүү тейлөө акысын (көбүнчө 5–15%) алууга тыюу салынат. Мындай жыйымдар тамак-аштын жана суусундуктардын көрсөтүлгөн баасынан үстүнө кошулбашы керек.

Эми тейлөөнүн толук баасы менюдагы тамак-аштын жана суусундуктардын баасына кошулушу керек. Керектөөчү заказ бергенге чейин акыркы бааны көрүшү керек. Кызмат көрсөтүүнүн баасы тууралуу маалымат ачык-айкын жана жеткиликтүү болушу керек. Коноктор өз каалоосу менен кызматкерлерге чай пул бере алышат.

Өзгөртүүлөрдүн максаты — баанын ачыктыгын камсыз кылуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана салыктык көзөмөлдү жөнөкөйлөтүү.

Кафе жана ресторан ээлерине сунуштар: меню жана бааларды кайра карап чыгуу, кызматкерлерди жаңы системаны түшүндүрүүгө үйрөтүү, баалардын чекке дал келүүсүн камсыздоо.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен