2026-жылдан тарта мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт

2026-жылдан тарта мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы  көтөрүлөт

Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жыйналышынын алкагында Финансы министрлигинде бюджеттик эмгек акыны өркүндөтүү маселелерин талкуулоо боюнча жолугушуу өттү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууга Финансы министринин биринчи орун басары Р.М.Суйналиев, орун басары У.И.Календеров, ЭВФтин бюджеттик маселелер боюнча департаментинин директорунун орун басары Кэтрин Баер, министрликтин башкармалыктарынын жетекчилери жана ЭВФтин эксперттери катышты.

Талкууда Кыргызстанда эмгек акы төлөө системасын реформалоонун негизги багыттары каралып, бюджеттик туруктуулукту камсыз кылуу үчүн фискалдык жана макроэкономикалык көрсөткүчтөр эске алынды. Ошондой эле 2026-жылдан тарта социалдык чөйрөдөгү айрым кызматкерлердин эмгек акысы этап-этабы менен жогорулатылары белгиленди.

Жолугушуу учурунда башка өлкөлөрдүн тажрыйбалары эске алынып, ЭВФ мындан ары эмгек акы жана башка багыттар боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?