Бишкек мэри турак үйдүн 1-кабатындагы мектеп филиалы менен таанышты

Бишкек мэри турак үйдүн 1-кабатындагы мектеп филиалы менен таанышты

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунашалиев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын негизинде курулган «Мурас» турак комплексиндеги жаңы мектеп филиалынын иши менен таанышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Филиалдын ачылышы — Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана Бишкек мэриясынын ишинин алкагында шаардагы мектептердеги окуучулардын ашыкча топтолушун азайтууга багытталган долбоордун бир бөлүгү. Убактылуу чара катары турак үйлөрдүн биринчи кабаттарында окуу класстары уюштурулуп, бул ыкма балдарды үйүнө жакын билим берүү менен камсыздап, жаңы мектептер курулганча жүктү азайтууга жардам берет.

Долбоордун алгачкы объектиси Маликов көчөсүндөгү №40 мектептин филиалы. Бул жерде 5–9-класстардын окуучулары үчүн бардык шарттар түзүлүп, 1000 бала эки сменада билим алат. Мектепте шахмат, тогуз коргоол, сүрөт жана кол өнөрчүлүк ийримдери да иштейт.

Мэр Джунашалиев долбоорду жогору баалап, мындай формат борбордун башка райондору үчүн да үлгү боло аларын белгиледи. «Негизги максат – балдардын жашаган жерине карабай, билим алуусуна жана өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүү», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен