Мамлекеттик салык кызматкерлери боюнча 9 айда 181 кайрылуу түшкөн

Мамлекеттик салык кызматкерлери боюнча 9 айда 181 кайрылуу түшкөн

2025-жылдын 9 айында Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратына жарандардан жана юридикалык жактардан 181 кайрылуу түшкөн. Алардын ичинен 64 кайрылуу жарандардан, 38и укук коргоо органдарынан келип түшкөн. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-октябрга карата 162 кайрылуу каралып бүтүп, 19 кайрылуу учурда каралууда. Каралып бүткөн кайрылуулардын ичинен 67 факт толугу менен тастыкталган, 5 факт жарым-жартылай тастыкталган, 90 факт тастыкталган эмес. Ошондой эле 20 кызматтык териштирүү дайындалып, анын 17си аяктаган.

Кызматтык тартипти бузгандыгы жана милдеттерди аткарбагандыгы үчүн 126 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган. 51 кызматкерге эскертүү, 43кө сөгүш, 16га катуу сөгүш, 13 кызматкер кызматтан кетирилген, 3 кызматкер кызматынан төмөндөтүлгөн. Коррупциялык мыйзам бузуулар боюнча 3 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 1 материал УКМКга жиберилген. Аймактык салык органдарында 4 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган.

Ошондой эле 9 айда 136 салык төлөөчү салык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып, 15ине эскертүү берилген жана 3 адамга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Мамлекеттик салык кызматы кызматтык тартипти бекемдөө, органдардын ачыктыгын жогорулатуу жана салык төлөөчүлөргө сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыздоо иштерин улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен