Баткенде Шахимардан ирригациялык системасын жаңылоо иштери башталды

Баткенде Шахимардан ирригациялык системасын жаңылоо иштери башталды

Бүгүн Баткен облусунун Кадамжай районундагы Мухтар Нургазиев атындагы магистралдык каналынын башкы суу алуу курулмасында “мезгил кутучасын” салуу аземи өттү. Бул иш-чара Шахимардан ирригациялык системасын жаңылоо долбоорунун башталышын белгилейт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Алмаз Жээналиев, Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Дүйнөлүк банктын өкүлү Хью Ридделл, долбоордун жетекчиси Уланбек Торогельдиев жана башка катышуучулар болду.

Долбоор Кадамжай районунун 2 айыл аймагын жана 1 шаарынын аймагын камтып, жалпы 35,2 чакырым канал модернизацияланат. Анын натыйжасында 4435 гектардан ашуун айдоо аянттарынын сугат суу менен камсыздалышы жакшыртылат.

Шахимардан ирригациялык системасын жаңылоо дыйкандарды туруктуу суу менен камсыз кылууга, сугат суунун пайдалануу натыйжалуулугун жогорулатууга жана айыл чарбасын климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу кылууга жардам берет.

Иш-чара Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен