Бишкек мэри шаардагы курулуш жана транспорт объектилерин текшерди
Күн мурун Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардагы бир нече маанилүү объектилерди кыдырып чыкты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Мэр алгач Ч.Айтматов проспектиндеги жер алдындагы жөө өтмөктүн курулушун текшерди. Сырткы бетондоо жана кафель менен каптоо иштери аяктап, тепкичтерди бетондоо уланууда. Учурда электр зымдарын тартуу жана жарыктандыруу системасы орнотулууда. Мэр курулуштун сапатын көзөмөлдөөнү жана пандустарды коопсуз кылып орнотууну тапшырды.
Андан соң убактылуу Батыш автовокзалынын абалы менен таанышып, жүргүнчүлөр үчүн түзүлгөн 25 орундуу жылытылган күтүү залы, электрондук табло жана видеокөзөмөл системалары тууралуу маалымат алды.
Мэр айдоочулар менен сүйлөшүп, мыйзамсыз жүргүнчү ташыган таксисттерге чара көрүүнү жана рейд өткөрүүнү Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгына тапшырды. Мыйзамдуу таксисттер үчүн лицензия берүү артыкчылыктуу тартипте жүргүзүлөт.
Иш сапарынын соңунда Джунушалиев автовокзал аймагын шагыл менен төшөп, жакын жайгашкан аймакты шаардын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык таза кармоону талап кылды.


