БШК: Шайлоодо жеңип чыккан талапкерлер 739,2 млн сом сарпташты

БШК: Шайлоодо жеңип чыккан талапкерлер 739,2 млн сом сарпташты

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы боюнча талапкерлердин жана "Ынтымак" партиясынын шайлоо фонддоруна түшкөн жана сарпталган каражаттар тууралуу маалымат берди.

Маалымат жыйынтыктоочу финансылык отчеттордун негизинде даярдалган. Шайлоочулардын эң көп добушун алган 87 талапкердин (анын ичинде "Ынтымак" партиясынын 3 өкүлү) атайын эсептерине жалпы 739 188 078 сом түшкөн. Бул сумма шайлоо өнөктүгү учурунда толугу менен сарпталган жана эсептерде каражат калган эмес.

Ревизорлор талапкерлер жана партия финансылык отчетторун Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын бардык нормаларына ылайык тапшырганын, шайлоо фонддоруна каражаттын түшүүсү жана сарпталышы боюнча чектөөлөр сакталганын тастыкташты. Бардык чыгымдар банктын көчүрмөлөрү, келишимдер, актылар, эсеп-фактуралар менен коштолгон.

Учурда калган 373 талапкердин финансылык отчетторун текшерүү улантылууда. Эгерде кагаз жана электрондук версияларда айырмачылык болсо, артыкчылык кол коюлуп тастыкталган кагаз түрүндөгү отчетко берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен