"Глав Тех Инвест” ЖЧКсына 200 миң сом айып салынып, лицензиясы токтотулду

"Глав Тех Инвест” ЖЧКсына 200 миң сом айып салынып, лицензиясы токтотулду

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы “Глав Тех Инвест” ЖЧКсына кайрадан административдик чара көрдү. Компаниянын курулуш лицензиясы токтотулду.

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, 9-декабрда борбор калаанын 10-кичи району, №20а дарегинде аталган компания тарабынан курулуп жаткан 4 кабаттуу соода борборунда коопсуздук техникалык эрежелери бузулуп жаткандыгы тууралуу тургундардан видео-кайрылуу келип түшкөн.

Натыйжада, башкармалык компанияга административдик акт түзүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып салган жана жазуу түрүндө эскертүү берген. Кемчиликтер жоюлмайынча курулуш иштери убактылуу токтотулган.

11-декабрда “Глав Тех Инвест” буга чейинки эскертүүлөрдү аткарбагандыгы жана мыйзам бузууларды жойбостон курулушту уланткандыгы үчүн кайрадан протокол түзүлүп, компанияга административдик айып салынган жана лицензиясы токтотулду.

Министрлик бардык курулуш уюмдарына Кыргыз Республикасынын "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамынын талаптарын жана курулуштагы коопсуздук техникалык нормаларын так сактоо зарылдыгын эскертет.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен