Ош базарындагы арзан эт саткан социалдык дүкөн министрликтин көзөмөлүндө
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев баштаган мекеменин жооптуу кызматкерлери Ош базарындагы социалдык эт сатуу дүкөнүнө барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.
Иш сапардын жүрүшүндө жетекчилер дүкөндүн камсыздоо тартибин, эттин сапаты, коопсуздугу жана баанын кармалышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди карап, жеринде сатуучулар жана жарандар менен баарлашышты.
Социалдык дүкөнгө күн сайын жаңы союлган мал эти жеткирилип, базардагы орточо баага салыштырмалуу бир топ арзан баада сатылып жатат. Бул калктын этке болгон жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Жаныбек Керималиевдин айтымында, министрлик аймактарда азык-түлүктүн баасын турукташтырууга, калкка сапаттуу жана жеткиликтүү продукция сунуштоого өзгөчө көңүл бурат.
Министрлик социалдык соода түйүндөрүнүн санын көбөйтүү жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо багытындагы иштерди улантаарын кошумчалады.


