Былтыр дропперлик үчүн 226 адам жоопкерчиликке тартылган

Былтыр дропперлик үчүн 226 адам жоопкерчиликке тартылган

2025-жылы Кыргызстанда дропперлик үчүн 226 адам жоопкерчиликке тартылганын Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө алдамчылык схемаларына катышуунун кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатат.

"Биз жарандарды жеке маалыматтарын жана банк карталарын эч кимге бербөөгө дайыма чакырабыз. Анткени бул аракеттердин натыйжасында алдамчылар ири суммадагы каражаттарды жарандардан алдап кетишет. Банкоматтардын жанына чейин эскертүүлөрдү илип жатабыз.

Бирок айрым жаштар, студенттер карталарын сатып жиберген учурлар бар. Ошентсе да күн өткөн сайын мындай фактылар азаюуда, анткени алар жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экенин түшүнө башташты", — деди ал.

Ошондой эле милиция калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, 2025-жылы депутаттар Кылмыш Кодексине дропперлик үчүн жоопкерчилик караган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелешкен.

Кодекске жаңы берене киргизилип, банк картасын, виртуалдык актив капчыгын же SIM-картаны үчүнчү жактарга мыйзамсыз аракеттерди жасоо максатында берүү же сатуу ар кандай айып пулдар жана кылмыштын оордугуна жараша мөөнөттөр менен жазаланары белгиленген.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media