Президент Москвадагы сүйлөшүүлөргө Алексей Ширшов эмнеге катышканын түшүндүрдү

Президент  Москвадагы сүйлөшүүлөргө Алексей Ширшов эмнеге катышканын түшүндүрдү

Президент Садыр Жапаров 23-февралда “Кабар” маалымат агенттигине кезектеги маегинде россиялык ишкер Алексей Ширшовго байланышкан суроолорго жооп берди. 

Жогорку Нарын ГЭСтери боюнча биз “жебеген самсага” 37 млн доллар, пайызы менен бүгүнкү күндө 51 млн доллардан ашык акча каражат “Русгидрого” карыз болуп калдык. Бул карыздын пайызы күндөн-күнгө тууп жатат. Эл аралык сот “ушундай пайыз тууйт” деп чечим чыгарып берген экен. “Ошол карыздан кутулуу жолдорун сүйлөшүп келгиле” деп Данияр Амангелдиев баштаган делегацияны Москвага жибергем.

Ал ошол жактан Данияр Амангелдиевге телефон чалып, "Русгидро" боюнча Кыргызстанга пайдалуу маалыматтарым менен бөлүшөм деп сүйлөшүүлөргө кошулуп калыптыр. Себеби илгери ошолор менен иштешип жүргөн да. Көп маалыматтары бар экен. Анын маалыматтары канчалык деңгээлде пайдасы тиет, убакыт көрсөтөт. Эң негизгиси, Ширшовго илгеркидей бир министрликти минип алып башкарганга жол бербейбиз. Мамлекетке пайдасы болсо колдонобуз, жок болсо “тынч жүр” дейбиз. Кыскасы, мамлекеттик казынага кол салууга жол бербейбиз. Ошондуктан, Ширшов менен “манипуляция” кыла бергендерге көңүл бурбаш керек", - деди президент.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media