Жалал-Абад облусунда эки унаа жолу убактылуу жабылды
Жалал-Абад облусунда күз-кыш мезгилине байланыштуу эки автомобиль жолунда кыймыл убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Чаткал районундагы Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка унаа жолунун 180–215,7-чакырым аралыгына тосмолор коюлуп, жол жабылды.
Мындан тышкары, Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун Жалал-Абад–Казарман–Сары-Кыр тилкесинин 357–443-чакырым аралыгы 1-ноябрдан тартып убактылуу жабылган.
Министрлик айдоочуларды жолго чыгар алдында автожолдордун абалын тактап, сапарларын алдын ала пландаштырууга чакырат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу