Ошто жаңы чек ара посту жана кызматтык үй ачылды
Ош облусунда "Ынтымак" (Кемпир-Абад) чек ара постунун жана Чоң-Алай районундагы "Кара-Шыбак" чек ара заставасынын 20 батирлүү кызматтык турак үйүнүн ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү, чек арачылар жана жергиликтүү тургундар катышты. Салтанатка Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы онлайн форматта кошулду.
Ачылуу аземинде "Ынтымак" стратегиялык маанидеги чек ара посту пайдаланууга берилип, республикалык бюджеттин эсебинен курулган 20 батирлүү кызматтык үй чек арачылардын үй-бүлөлөрүнө тапшырылды.
Аманкан Кенжебаев өз сөзүндө чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлердин социалдык шарттарын жакшыртуу мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи.



Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу