Чаткал районунан 10 мыкты окуучу Кытайга таанышуу сапарына жөнөп кетти

Чаткал районунан 10 мыкты окуучу Кытайга таанышуу сапарына жөнөп кетти

"Кичи-Чаарат" ЖАКы окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу жана дүйнө таанымын кеңейтүү максатында Кытай Эл Республикасына таанышуу сапарын уюштурду. Бул демилге 2025-жылы башталып, быйыл да улантылды. Бул тууралуу "Кичи-Чаарат" ЖАК билдирди.

Маалымдалгандай, 2026-окуу жылынын биринчи чейрегинин жыйынтыгы менен Чаткал районундагы Чакмак-Суу айылынан Ак-Таш айылына чейинки мектептерден окууда өзгөчө жетишкендиктерди көрсөткөн 10 окуучу тандалып алынды. Сапарга ар бир мектептен бирден окуучу катышууда. Аларды райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, мугалим жана "Кичи-Чаарат" ЖАКынын координатору коштоп барышты.

Сапардын жүрүшүндө окуучулар Бээжин, Шанхай жана Үрүмчү шаарлары менен таанышып, Тяньаньмэнь аянтын, Тыюу салынган шаарды, Улуу Кытай дубалын, "Куш уясы»"стадионун жана "Суу кубу" комплексин көрүшөт. Ошондой эле Цинхуа жана Пекин университеттерине, Кытайдын Улуттук алтын казуу корпорациясына барышы пландалган.

Аталган сапар окуучуларга Кытайдын тарыхы, маданияты, билим берүү системасы жана тоо-кен тармагы менен жакындан таанышууга, жаңы тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк берет. "Кичи-Чаарат" ЖАКы мындай демилгелер аркылуу билимдүү жана келечекке умтулган жаштарды колдоону улантарын белгилейт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жалал-Абад облусунда эки унаа жолу убактылуу жабылды

Балыкчыда 2,2 млрд сомдук долбоорлор ишке ашууда

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар