Импорттоочулар товарларын 2027-жылга чейин каталогго киргизиши керек

Импорттоочулар товарларын 2027-жылга чейин каталогго киргизиши керек

Мамлекеттик салык кызматы импорттоочуларды ташылып келүүчү товарлар тууралуу маалыматтарды 2027-жылдын 1-январына чейин Товарлардын каталогуна киргизүүгө чакырды.

Маалыматка ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тартып товарларды эсепке алуунун өркүндөтүлгөн "Жыйынды пост" системасын пилоттук режимде ишке киргизүү пландалууда.

Жаңы системада STI-150 жана STI-151 формаларындагы коштомо кагаздарды толтурууда каталогго алдын ала киргизилген товарлар гана көрсөтүлөт. Эгер товар каталогдо жок болсо, импорттоочу аны кошуу үчүн алдын ала өтүнмө бериши керек.

Товарлардын каталогу Салык төлөөчүнүн кабинетинде жеткиликтүү. Ишкерлер товарлардын жаңы карточкаларын түзүү аркылуу керектүү маалыматтарды киргизе алышат.

Салык кызматы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден товар импорттогон ишкерлерге каталогдогу маалыматтарды алдын ала текшерип, зарыл болсо толуктоону эскертти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Импорттоочулар 1-январга чейин товарларын каталогго киргизиши керек

Бишкекте унаасын туура эмес жерге токтоткон 14 айдоочу айыпка жыгылды

Москвадан Бишкекке учмакчы болгон жарандын 136 млн рубли конфискацияланды

Жалган убада берип, жарандын 40 миң $ алган шектүү адам кармалды

КРнын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады